БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ИИМ: Ошто күчтүү таасир этүүчү дарыларды рецептсиз саткан дарыканалар аныкталды

ИИМ: Ошто күчтүү таасир этүүчү дарыларды рецептсиз саткан дарыканалар аныкталды

Сүрөт: ИИМ

Ички иштер министрлиги Ош шаарында рецептсиз күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди саткан дарыканалардын түйүндөрү аныкталганын кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери контролдук сатып алуу жүргүзүп, дарыканадан рецептсиз дарыларды сатып алышкан.

"Ошондой эле узак убакыт бою тыюу салынган күчтүү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу менен алектенген азык-түлүк дүкөнүнүн сатуучусу боюнча маалымат түшүп, андан дагы күчтүү дарыларды сатып алышкан. Жыйынтыгында курамында баңги жана психотроптук заттардын компоненттери бар 73 даана дары-дармектер алынды", -деп айтылат маалыматта. 

ИИМ учурда дарыкана пункттарынын сатуучуларын жоопкерчиликке тартуу чаралары көрүүлүп жатканын кошумчалады.

Былтыр декабрда Ош шаарында 15 жашар кыз оор абалда ооруканага түшкөн. Текшерүү учурунда ал калаадагы дарыканадардын биринен психотроптук, күчтүү таасир этүүчү дары сатып алып пайдаланганы аныкталган. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калышкан. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 257 статей