БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто коомдук транспорттун каттамында көйгөй кайра күчөдү

Ошто коомдук транспорттун каттамында көйгөй кайра күчөдү

Сүрөт: Т-Медиа/ Айдана Осмонова

Ошто аба-ырайы түнкүсүн - 12, кундузу -8 градуска жетип жатат. Температуранын төмөндөшү менен шаар тургундары транспорттордун саны азая түшкөнүн айтышып, маршурттук каттамдардын интервалы узарып жатканын билдиришти. Мындай суукта жарандар коомдук унааны узак убакыт күтүүгө туура келүүдө.

Ош шаардык жүргүнчүлөдү ташуу агенттигинин жетекчиси Мунарбек Тургунбаев ушул күндөрү 600гө жакын кичи автобустар каттамга чыгып жатканын маалымдады. Ал эми мындай жагдайды жолдордун муз болуп, температуранын кескин төмөндөшү менен түшүндүрдү. 

"Эрте менен 7:30дан биздин кызматкерлер ишке чыгышат. Каттамдар мурдагыдай эле иштеп жатат. Азыр эл көбөйдүбү билбейм. Кээде эрте менен анан кечкисин адамдар коомдук транспортторго батпай калып жатат. Анын үстүнө азыр шаарда жол тыгыны көбөйдү", -дейт ал.

Тургунбаев мындан сырткары негизги делген 4-5 каттамдын интервалын үч минутага чейин кыскартканын билдирди. Мектептердеги окутуу онлайн форматка өткөндүктөн аталган эреже башка каттамга киргизилбейт деп кошумчалады.

Калаада жүргүнчүлөдү тейлеген дагы бир Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы бар. Алар да каттамдагы
автобустардын кечигип жатканын моюндайт. Мекеменин жетекчиси Саипжан Турдуев онго жакын автобус айдоочулар тартыш болгондуктан каттамга чыкпай жатканын билдирди. 

"Жуманын башында 13-каттам шаардагы жол тыгындардан улам кээде 45 минутага кармалып жатат. Манас-Ата кичи районунан баштап жол тыгын экен. Буга өзүм күбө болдум. Бул маселе боюнча жүргүнчүлөрдөн да бизге кайрылуулар болуп жатат", -дейт ал.

Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги болсо айдоочуларды сегиз саат гана иштешин айтып, иш көлөмүн адамдар жумушка чыккан, жана кайткан учурга ылайыктап буйрук чыгарышканын белгилейт. Кышкы мезгиле карата коомдук унаалардын басымдуу бөлүгү эрте мененки саат 7:30дан 12:00 чейин, кечкисин 17:00ден 20:00 чейин каттамга чыгышат.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей