БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ошто «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден бери 20 миңден ашык эреже бузуу катталган
"Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенден бери 20 миң 394 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу "Т-Медиага" Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Максат Орозалиев билдирди.
Анын айтымында, бул 18-сентябрдан 31-октябрга чейинки катталган эреже бузуулар. Ал эми айып пулдун өлчөмү канча болгонун тактаган жок.
Ош шаарында "Коопсуз шаар" долбоору 16-сентябрдан тарта толук иштеп баштаган. Кесилиштерге орнотулган камералар бузуунун 10 түрүн аныктайт. Жол эрежесин бузгандарга айып пулдар расмий түрдө салынып, билдирмелер айдоочулардын дарегине жөнөтүлөт. Учурда шаарда долбоордун 44 камерасы иштөөдө.
"Коопсуз шаардын" камераларын сатып алууга Муниципалдык менчик башкармалыгы 2,5 млрд сомдук тендер жарыялаган. Конкурска жалгыз орусиялык "МегаФон" акционердик коому катышып, жеңүүчү аталган.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat