БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош шаарында көп жылдык дарактарды алуу боюнча коомдук угуу өтөт

Ош шаарында көп жылдык дарактарды алуу боюнча коомдук угуу өтөт

Сүрөт vzglyadriv.kg сайтынан алынды/ Ош шаары

14-мартта Ош шаарында Курманжан-Датка көчөсүндөгү көп жылдык дарактарды алуу жана алардын ордуна жаңы жаш көчөттөдү отургузуу боюнча коомдук угуу өткөрүлөт. Мэриядан билдиришкендей, иш-чара "Алымбек Датка" этнографиялык эл алуу борборунда болот.

Коомдук угууга Ош шаарынын тургундары жана коноктору катыша алат. Иш-чара шаардын экологиялык абалын жакшыртуу жана шаардын жашыл аянтын кеңейтүү максатында уюштурулуп жатканы айтылды.

2024-жылдын 8-январында Ош шаарындагы "Царский Двор" тамактануучу жайдын алдындагы көп жылдык дарактын дээрлик түбүнөн кыйылышы соцтармактарга катуу сынга алынып, Экотехкөзөмөл кызматы аларга 37 миң 600 сом айып пул салган. Окуядан кийин Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы кафе менен келишимди токтотконун билдирген. 

Экологдор соңку жылдары Ош шаарында бак-дарактар азайып, анын ордун көп кабаттуу үйлөр, дүкөн, тамактануучу жайлар ээлеп калганын айтып келет. Мэрия аларды жолдорду кеңейтүү жана санитардык тазалоо максатында кыйылып жатканын айтса, жарандык активисттер бул иш туура эмес жүргүзүлүп жатканын белгилешет.  

Окумуштуулардын соңку изилдөөлөрүнө караганда, бак-дарактардын санын көбөйтүү абада көмүр кычкыл газынын топтолушун токтотуу менен глобалдык абанын ысышынан сактап калат.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей