БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто курулушу 11 жыл мурун башталган мектеп пайдаланууга берилди. Сүрөт

Ошто курулушу 11 жыл мурун башталган мектеп пайдаланууга берилди. Сүрөт

Сүрөт: Президенттин Администрациясынан алынды

Ош шаарында 720 орундуу Исхак Раззаков атындагы мектептин курулушу аяктап бүгүн, 6-майда пайдаланууга берилди. Жаңы окуу корпусунун ачылышына президент Садыр Жапаров катышты.

Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин айтымында, мектептин курулушу 2013-жылы башталган. Ага 2022-жылы бюджеттен 280 млн сом бөлүнгөн. Үч кабаттан турган имарат убагында курулуп бүтпөй, окуучуларды жанындагы № 23 Панфилов мектебине көчүрүшкөн болчу. Бирок ал жакта да орун жетишпей, башталгыч класстар бир класста элүүдөн ашык бала билим алышкан.

Ушул эле күнү өлкөдө жалпы тогуз мектеп жана эки бала бакчанын ачылышы болуп, анын ону онлайн тапшырылды. 

Алар: 

1. Бишкек шаарынын Нижняя Ала-Арча айыл аймагындагы 375 орундуу кошумча корпусу;
2. Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылындагы 500 орундуу мектеп;
3. Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылындагы 150 орундуу мектеп;
4. Ак-Суу районуна караштуу Шапак айылындагы 150 орундуу мектеп;
5. Ысык-Көл районуна караштуу Семеновка айылындагы 225 орундуу мектеп;
6. Түп районуна караштуу Түп айылындагы 450 орундуу мектеп;
7. Түп районуна караштуу Ичке-Суу айылындагы 150 орундуу мектеп;
8. Каракол шаарындагы №7  120 орундуу бала бакча;
9. Каракол шаарындагы №12  120 орундуу бала бакча;
10. Алай районуна караштуу Арпа-Тектир айылындагы 225 орундуу мектеп.

Өлкө башчы Ошко бир күндүк жумушчу сапары менен келген. Жапаров мектептин ачылышына катышкан соң Ош мэриясы жана президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аткарган иштери, пландары менен таанышат.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей