БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто Кытайга жүк ташыган айдоочулар нараазычылыкка чыгышты

Ошто Кытайга жүк ташыган айдоочулар нараазычылыкка чыгышты

Сүрөт: "Т-Медиа"/ Аймээрим Дарбанбек кызы

21-декабрда Ошто Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы Эркечтам өткөрмө пунктундагы тыгынга нааразы болуп жүк ташыган 50дөн ашык айдоочу нааразычылыкка чыкты. Алар Кытайга кирүүгө уруксат документтери кезек менен берилүүсүн талап кылышууда.

Айдоочулардын айтымында, "Абу-Сахий" карго компаниясынан жүк көбүрөөк чыгат. Мындан улам алар фирмадагылар да электрондук кезек менен иштешин талап кылууда. Айдоочулар коомдук бирикмесинин төрагасы Надыр Токторов мамлекет жүк ташыгандарга көмөк көрсөтпөсө айдоочулар ишсиз каларын белгиледи. 

Эки ай мурун айдоочулар өздөрү демилге көтөрүп, Каратай айылындагы 10 гектар жерге оор жүк ташуучу унаалар токтоочу жай курушкан. Жер мамлекет тарабынан берилип, айдоочулар 20 млн сомго жакын каражат сарпташкан. Ал эми Транспорт жана жол министрлигинин Ош шаарындагы башкармалыгынын башчысы Бакай Жолдошбаев Кытайга кирүүгө макулдук баракчасын кезек менен берүү мыйзамга карама-каршы келерин билдирүүдө. 

Буга чейин 2020-жылы Ошто айдоочулар "Абу Сахий" компаниясынын жүк ташуучу унаалары гана өтүп жатканына нааразычылык айтып чыгышкан эле. Аталган компания бир нече журналистик иликтөөдө да айтылып келет.  Оштогу айдоочулар коомунда жалпы 3000ден ашык айдоочу бар. Жогорудагы көйгөйлөрдү айдоочулар маал-маалы менен көтөрүп келишет.

Автор: Осмонова Айдана > 654 статей