БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто кыз ала качууга шек саналгандар кармалды

Ошто кыз ала качууга шек саналгандар кармалды

Мекеме тараткан сүрөт

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кыз ала качууга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, белгисиз жарандар Ош шаарынын 19 жаштагы тургунун Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаага күчтөп салып, белгисиз тарапка алып кеткен. Окуя 11-апрель күнү болгон. 

Бул факты Ош шаардык ички иштер башкармалыгына катталып, "Курчоо" иш мерчеми киргизилген. Ыкчам аракеттердин жүрүшүндө шектүүлөр кармалып, Тергөө кызматына өткөрүп берилген. Ал эми унаа айып короосуна киргизилди.

Кыргызстанда кыз ала качуу - оор кылмыш. Кылмышы далилденгендер Кылмыш-жаза кодексинин "Никеге туруу максатында ала качуу" беренесинин биринчи бөлүгүнө ылайык 5 жылдан 7  жылга чейин, экинчи бөлүгү менен "Кыз баланы иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу же болбосо никеге туруу үчүн ала качуу" менен 7 жылдан 10 жылга чейин абакка кесилет.

Кылмыш-жаза кодексинде 165-берене ("Адамды уурдоо") дагы бар. Бул берене менен күнөөлүү деп табылса, беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылат.

Кыргызстанда ала качуунун айынан кыздардын өмүрү кыйылган учурлар дагы катталган.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей