БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мамкызматкерлер, комдук уюмдардын жана ЖМК өкүлдөрү медиасабаттуулук боюнча окутуудан өтүүдө

Мамкызматкерлер, комдук уюмдардын жана ЖМК өкүлдөрү медиасабаттуулук боюнча окутуудан өтүүдө

Сүрөт: "Т-Медиа"

Ош, Жалал-Абаддан келген мамлекеттик кызматкерлер, массалык маалымат каражаттарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү медиасабаттуулук боюнча окутуудан өтүүдө. Анда катышуучулар маалыматты текшерүүнүн заманбап ыкмаларын үйрөнүшөт. Ошондой эле "Кыргыз жараны" концепциясынын маанисин жана аны ишинде кантип колдонууну талкуулашат.

Семинардын максаты – катышуучулардын медиа жана маалыматтык сабаттуулугун жогорулатып, критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү болууда. Мындан тышкары маалыматтын чын-жалганын ажырата билүүнү жана ага каршы туруу жөндөмүн өркүндөтүшөт. ЮНЕСКОнун Бишкек шаарындагы өкүлү Аида Бекташева буларды айтты:

"Жасалма интеллект жана санарип технологиялардын тездик менен өнүгүшүнүн шарттарында медиасабаттуулуктун мааниси улам артып бара жатат. Маалыматты сын көз караш менен кабыл алуу жөндөмүнүн жетишсиздиги адамдарды каржылык алдамчылыктарга жана башка алдамчылык аракеттерге алсыз кылып коюуда. Ошондуктан медиасабаттуулукту жана маалыматтык сабаттуулукту жайылтуу азыркы заманда жарандардын коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыздоонун ажырагыс бөлүгү болуп калды".

Окутуу Ош шаарында 23-24-сентябрь күндөрү болот. 

Иш-чараны ЮНЕСКО менен Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы "Тынчтыкты орнотуу үчүн улуттук өнөктөштөрдүн жана жарандык коомдун потенциалын чыңдоо" долбоорунун алкагында ишке ашырып жатат. Ал эми Кыргызстандагы Жамааттык ЖМКлар бирлиги Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өнөктөш болгон. 

Автор: Бурханов Байэл > 3 статей