БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто мамкызматкерлер майыптыгы бар жарандардан опузалап акча талап кылууга шектелүүдө

Ошто мамкызматкерлер майыптыгы бар жарандардан опузалап акча талап кылууга шектелүүдө

УКМК тараткан видеодон скриншот

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Ош шаарында майыптыгы бар жарандардан акча талап кылуу фактысы аныкталганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы 12-июлда билдиргендей, медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлери "майыптыгы бар адам" деп таануу жөнүндө маалымкаттарды жазып берүүдө 3 миң сомдон 15 миң сомго чейин опузалап алып турушкан. Ал эми пара берүүдөн баш тарткандардын иши жасалма түрдө создуктурулган. Натыйжада бейтаптар бир нече ай бою эксперттик корутунду ала албай келишкени аныкталган. 

УКМК чогултулган материалдардын негизинде ушул жылдын 8-майында Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козгогон. 9-июлда Медициналык-социалдык экспертиза комиссиясынын (МСЭК) Ош шаарындагы кеңселеринде тинтүү жүргүзүлгөн. Атайын кызмат аталган коррупциялык схемага тиешеси барларга карата далилдерди чогултуу жана документтештирүү боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады. 

Мекеме былтыр декабрда Араван райондук медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлери да пара талап кылып кармалып, медициналык-социалдык экспертизанын түзүмүн реформалоо зарылдыгы айтылганын эске салды. Бирок ротациялоодон башка эч нерсе жасалбаганын жана ал коррупциянын кыскарышына таасирин тийгизбегени белгиленди.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей