БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто эт кымбаттады. Базардан сүрөт баян

Ошто эт кымбаттады. Базардан сүрөт баян

Сүрөт: "Т-Медиа" /Айдана Осмонова

Кыргызстандыктар соңку убакта эт кымбаттап кеткенине нааразы болууда. Буга утурлай биз Ош шаарынын борбордук базарын кыдырып, бааны салыштырып көрдүк. Мал этинин бир килограммы 580-600 сомдон сатылууда. Кой эти 600-620 сомго кымбаттаган. Мурда экөө тең жыйырма сомго арзан сатылып келген. Сатуучулардын айтымында, баанын өсүшү өткөн айдан баштап байкалган.

Алардын бири Ноорузбек Бакиров баанын көтөрүлүшүнө өлкөдө малдын жоктугун жүйө келтирди.

"Бир ай мурун мал эти 580 сомдон сатып жатканбыз. 15 күндөй болуп калды 600 сомго чыкты. Кой этине да 20 сом кошулду. Биздин угушубузча Кыргызстандан мал Өзбекстанга көп экспорттолуп жатат экен. Учурда ага чектөө коюлду. Эми алдыда эттин баасы арзандабайт, ушул эле баада калат", -деди ал. 

Сатуучулар экспорттону тыюу менен гана баа жөнгө салынбай турганын айтышууда. Анткени чөп арзан болгону менен жем арзандабай жатат. 

7-сентябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жай министрлиги ири мүйүздүү малды, жылкыны жана майда жандыктарды экспорттоо убактылуу токтотулганын кабарлады. Бирок мындай чечим эттин баасын турукташтырууга эмес, мал-койдун так санын эсептөө иштерине байланыштуу кабыл алынган.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей