БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК Ошто мурдагы айыл өкмөт башчы пара берип жаткан жеринен кармалганын билдирди

УКМК Ошто мурдагы айыл өкмөт башчы пара берип жаткан жеринен кармалганын билдирди

Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кара-Суу районунун Датка айыл өкмөтүнүн (мурда Шарк айыл өкмөтү болчу) мурдагы башчысы М.Б пара берип жатканда кармалганын 25-апрелде кабарлады. 

Маалыматка караганда, М.Б тергөөгө чейинки текшерүү боюнча маселени оң жагына чечүү максатында УКМКнын кызматкерине 20 миң доллар өлчөмүндө пара сунуштап, анын жарым суммасын берип жатып кармалган.

"М.Б.М. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, трансформацияланбаган жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө токтомду жасалмалоо жолу менен курулуш компаниялардын бирине 10 гектар жер тилкесин бергени аныкталды. УКМКнын кызматкерине 9800 доллар өткөрүп берүү учурунда колго түштү", -деп айтылат маалыматта. 

Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) менен кылмыш иши козголгон. Ал Ош шаардык сотунун 23-апрелдеги чечими менен эки айга камалды. 

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей