БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто мыйзамсыз акча алмаштырган он жаранга айып салынды

Ошто мыйзамсыз акча алмаштырган он жаранга айып салынды

Сүрөт интернеттен алынды

Ошто мыйзамсыз акча алмаштырган 10 жаранга айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

Алар лицензиясы жок эле накталай акчаны алмаштырып иштеп жаткан. Он жарандын ар бирине 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

17-майда да “Достук” көзөмөл өткөрүү бекетинде лицензиясы жок иштеген  21 жаран аныкталган. Мындай аракет үчүн 17 миң 500, юридикалык жактар 55 миң сомго чейин айыпка жыгылат. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей