БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: окуучуларды акысыз ташууга алты автобус бөлүндү

Ош: окуучуларды акысыз ташууга алты автобус бөлүндү

Сүрөт: Ош шаарынын мэриясы

Ош мэриясынын маалыматы боюнча, автобустар бүгүн, 4-октябрдан тарта каттап баштады. Алар окуучуларды эрте менен, түшкүсүн жана кечкисин төмөнкү багыттар боюнча акысыз ташыйт. 

- Кеңеш айылынан Төлөйкөн айылындагы Гапар Айтиев мектебине чейин;  

- Актилек кичи районунан Ныязалы атындагы музыкалык окуу жайга чейин (Фрунзеский); 

- Юго-Востоктон Манас-Ата кичи районуна чейин.

Мындан сырткары жакынкы күндөрү дагы төрт троллейбус каттамга чыгат. 

Калаадагы мектеп окуучулары автобус жана троллейбуска 3 сом, маршруткага 5 сом төлөшөт.

Автор: Осмонова Айдана > 649 статей