БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Ошто талапка жооп бербеген 46 тамактануучу жай убактылуу жабылды

Ошто талапка жооп бербеген 46 тамактануучу жай убактылуу жабылды

Ош шаарынын мэриясы

Шаар аймагында тамактануучу жайлар жана азык-түлүк саткан соода түйүндөр текшерилип, санитардык талапка жооп бербеген 46 тамактануучу жай убактылуу ишин токтотту. Бул тууралуу "Т-Медиага" Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башчысы Гүльжан Жээнбаева билдирди.

Маалыматка караганда, мекеме 15-майдан тартып калаадагы 55ке жакын коомдук жайларды текшерген. Жыйынтыгында Жапалак унаа базарында 30, "Кудайберди" унаа тетиктер базарында 15 тамактануучу жай жана "Золотой береген" кафеси убактылуу жабылган. "Обжорка" сэндвич өндүрүүчү жайы да санитардык талаптарды толук аткарганга чейин жумушун токтоткон. Анын ээсине 5000 сом жана 13 миң сом айып пул салынды. Ал эми "Рейхан" жана "Золотой берег" кафелеринин ээлери да 23 миң сомдон айыпка жыгылды. 

Жээнбаева рейд бир айга созуларын белгиледи. Массалык текшерүү Министрлер кабинетинин жана Ош мэриясынын протоколдук тапшырмасынын негизинде жарандардын тамак-аштан уулануусун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Автор: Осмонова Айдана > 797 макала