БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто сегиз өлкөнүн ишкерлери чогулган жарманке өтүп жатат

Ошто сегиз өлкөнүн ишкерлери чогулган жарманке өтүп жатат

Сүрөт tmedia.kg

Бүгүн Ошто сегиз өлкөнүн ишкерлери чогулган жарманке өтүп жатат. Бул сегизинчи жолу уюштурулуп жаткан "Түштүк ЭКСПО-2024" иш чарасы. 

Жарманке Ош улуттук драма театрында өтүүдө. Ага Ош облусунун жети районунан келген жеке ишкерлер өз продуктулары менен катышып жатат.

Жарманкеге техникалардын түрлөрү, азыктар, мөмө жемиштер, агрономияга керек болгон дары-дармек, кийим, ат жабдыктар коюлган. 

Драма театрдын сыртында концертик иш чаралар болуп, боз үйлөр тигилген. 

Бул саамалыкты ата мекендик ишканаларды чет мамлекеттердин рынокторуна чыгаруу жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн уюштурушкан. 

 

Автор: Асилбек Тагайбек уулу 

Автор: Анарбаева Наргиза > 156 статей