БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Кулжада селден бир адам каза болду

Кара-Кулжада селден бир адам каза болду

Сүрөт: ӨКМ

Ош облусунун Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 41-чакырымында жеңил унааны сел агызып, бир киши каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымдашынча, машиненин ичинде төрт киши болгон (бир эркек, эки аял жана бир жаш бала). Учурда алардын аты-жөнү такталууда. 

Эки аял менен жаш баланы жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. Ал эми унаанын айдоочусун сел агызып кеткен.

Издөө иштерине ондон ашык куткаруучу тартылып, жергиликтүү жаран менен жансыз денени сайдан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Автор: Т-Медиа > 354 статей