БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто шаар күнүнө карата "моторс фестивалы" өттү. Сүрөт баян

Ошто шаар күнүнө карата "моторс фестивалы" өттү. Сүрөт баян

Сүрөт: "Т-Медиа"/ Нургелди Каныбек уулу

Бүгүн,  5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинин түштүк-чыгыш кичи районундагы “Ак-Буура” кампусунда авто-мото шоу фестивалы өттү.

Иш-чарага Өзбекстандан жана өлкө аймактарынан мото сүйүүчүлөр унаа, мотоциклдарын алып келген.

Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери 5-октябрда белгиленет. Ага карата шаарда быйыл да бир катар маданий оюн-зоок программалар өткөрүлөт.

Болжолдуу 30 кылым мурда түптөлгөн калаага 1876-жылы шаар деген расмий макам берилген. Быйыл 3024 жылдыгы белгиленип жатат.

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей