БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто соодагерлер бийликке кайрылуу жолдошту

Ошто соодагерлер бийликке кайрылуу жолдошту

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

Кара-Суудагы "Жээнбеков" базарынын айрым соодагерлери 15-февралда Ош облустук сотунун имаратынын алдына чогулушту.  Алар базар ээси Кенже Жээнбекованы үй камагына чыгарбоо талабын коюп президентке жана УКМК башчысына кайрылышты.

Чогулгандар мындан он жыл мурда базар ээси соодагерлерден акча талап кылып, контейнерлерин күч менен тартып алганын айтышты. Мындан улам алар Жээнбекованын соодагерлерге кенемте төлөп беришин талап кылууда.

Бүгүн, 15-февралда Ош облустук сотунда Кенже Жээнбекованын баш коргоо чарасы каралат. 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 24-январда Оштогу Кара-Суу базарынын аймагында жайгашкан "Жээнбеков" базарынын директору кармалганын билдирген. Мекеме тараткан маалыматта базар башчы кызмат абалынан пайдаланып, "контейнерди бузуп салам" деп коркутуу жолу менен ижара келишимин түзүү жана узартуу үчүн ижарачылардан жыл сайын мыйзамсыз түрдө 5000- 10 000 АКШ долларына чейин акча алып турганы айтылган. 

27-январда атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Сууга барып,  базар толугу менен мамлекетке өтөөрүн билдирген. Анын ордуна ири соода борборлору курулаарын, ал үчүн кеминде эки жыл убакыт кетээрин айткан. 

УКМК башчысы былтыр 6-декабрда дагы  “базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү” деп билдирген. Бул окуядан кийин Кыргызстандагы бир катар базар ээлери видео кайрылуу жолдоп, ижара акыларын төмөндөткөнүн айтып чыгышкан.

Материалдын автору: Максат Боромбаев

Автор: Т-Медиа > 355 статей