БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто Таиржан Турсуналиевдин элесине арналган спорттук мелдештер өттү

Ошто Таиржан Турсуналиевдин элесине арналган спорттук мелдештер өттү

Сүрөт: Т-Медиа

Ош шаарында белигилүү оператор-монтажёр Таиржан Турсуналиевдин жаркын элесине арналып спорттук иш-чара болду. Ага Ош, Жалал-Абад шаарларында эмгектенген массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, бир канча мекемелердин маалымат борборлору катышты.

Иш-чарада мырзалар арасында футбол, айымдар арасында волейбол мелдештери уюштурулду. Кичи футбол турниринде 1-орунду "Ардагерлер", 2-орунду "Илбирс", 3-орунду "Ак шумкар" командалары жеңишти. Ал эми болейбол боюнча 1-орунду "Аки-Пресс", 2-орунду "ЭлТР", 3-орунду "УТРК Ош" командалары багындырды. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, кызыктыруучу белектер тапшырылды. 

Таиржан Турсуналиев 2014-жылы 52 жашында инфарктан улам көз жумган. Медиа-устаттын шакирттери анын элесин сактап жүрүү үчүн 2016-жылы "Таиржан Турсуналиев атындагы медиа мектеп" түптөшкөн. Учурда бүтүрүүчүлөрдүн басымдуусу медиа жаатында эмгектенишет. Ошондой эле Оштогу "Т-Медиа" телеканалы да Турсуналиевдин атын алып жүрөт.

2020-жылы "Интерньюс" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү да аймактык журналистиканын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн "Таиржан Турсуналиевдин элесине" деп аталган атайын сыйлык уюштурган. 

Таиржан Турсуналиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 63 жашка чыкмак.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей