БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош шаарына Өзбекстандан дагы 100 автобус сатып алынат

Ош шаарына Өзбекстандан дагы 100 автобус сатып алынат

Сүрөт интернеттен алынды

Ош шаардык мэриясы 2024-жылы Өзбекстандын "Сам авто" компаниясынан дагы 100 автобусту пайыздык чен менен насыяга сатып алмай болду. Алардын ар биринин наркы дээрлик 90 миң доллар деп бааланууда.

Мэрияга караштуу чарба жана транспорт бөлүмүнүн жетекчичси Эшмамбет Кармышаковдун маалыматына караганда, жергиликтүү бийлик компанияга барып, автобустардын техникалык абалы менен таанышып келген. Кармышаков автобустар келсе калаанын борбордук бөлүгүндөгү каттамдарга коюларын билдирди.

"Сатып алына турган автобустардын узундугу сегиз метр. Бул сатып алуулар боюнча биз Кыргыз-Өзбек улуттук өнүктүрүү фондунан алабыз деп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мурунку автубустар деле аталган фонд аркылуу алынган", -деди ал.

 

"Автобустар абаны булгайт"

Автобустарды сатып алууга Ош шаардык кеңеши 28-декабрдагы сессиясында макулдук берди. Депутат Медер Абыдманапов калаа бийлигинин 100 автобус сатып алуу чечимин колдойт. Бирок коомдук транспорттор дизель майы менен жүргөндүктөн шаарга 100 камазды алып кирүүгө барабар деп салыштырды. Анын пикиринде калаадагы кир аба негизги көйгөй болуп турат.

"Азыр кечки саат 17:00дө эшикке чыгып карасаңыздар шаардагы кир, булганган аба даана байкалат. Бишкектен айырмабыз жок. Анын үстүнө бизде сапаттуу дизель жок. Аталган автобустардын фильтирлери, моторлору Европанын стандартына жараша орнотулган. Ошондуктан алар көп натыйжа бербейт. Мен мындан шаардык кеңештин депутаты жана тургуну катары аябай кооптоном", -дейт ал.

Автобустардын 50 даанасы февраль айында, жарымы март айында келээри күтүлүүдө. Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын маалыматына ылайык, унаалардын тетиктери жапон өлкөсүнөн келип, коңшу Өзбекстанда чогулутулат. 

Эске салсак: 2022-жылы Ош мэриясы өзбекстандык "СамАвто" автозаводунан 50 автобус сатып алган. Алардын баасы 37 миң доллардан бааланган. Бирок кийин көп өтпөй сапаты жакшы делген автобустардын сегизи бузулуп, өндөп-түзөөгө муктаж экени кабарланган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 310 статей