БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ошто Жаңы-Барак айылы түптөлүп, эл жашай баштады. Сүрөттөр
15-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунда жаңы түптөлгөн Жаңы-Барак айылы ачылды. Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышып, бул кыргыз эли, жаңы айылдын тургундары, өзү, бардыгы үчүн өтө маанилүү жана кубанычтуу күн болуп жатканын айтты.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта Кара-Суунун Ала-Тоо айыл аймагындагы 38 гектар жерге 101 үй курулган. Алардын ачкыкын тургундарга Садыр Жапаров тапшырды. Ар бир үйгө суу киргизилип, жалуулук системасы орнотулган. Мындан тышкары саркынды сууларды тазалоочу жай да курулганы айтылат. Айылдын батыш тарабындагы эки чакырым жолго асфальт, ички жолдорго шагыл төшөлгөн. Учурда мечит менен ФАПтын имараты курулуп жатат. Бала бакча, мектеп, сейил багы, футбол талаасы бар. Андан тышкары айдоо аянтчалары бөлүнгөн.
"Түмөн түйшүк көйгөйлөргө карабай, киндик кан тамган жерин таштап кетпей, ушул кезге чейин "Сабырдын түбү сары алтын" деп туруктуу жашап келген сиздер менен жалпы кыргызстандыктар сыймыктанабыз. Себеби, дал ушул Барак айылы менен Кыргызстан бүтүн болуп келген. Эми минтип баарыбыздын бир кездеги кыялдарыбыз орундалып, сиздер жаңы конуштуу болуп олтурасыздар", -деген президент.
Ошондой эле Садыр Жапаров бул айылда көп кабаттуу үй куруу каралганын, кийин Жаңы-Барак айылынын уул-кыздарына Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилерин белгиледи.
Өзбекстандагы Барак эксклавынан кыргызстандыктар ушул жылдын апрелинде Оштун Кара-Суу районуна көчүрүлүп чыккан. Аларга Жаңы-Барак айылын куруу 6-майда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда башталган. Кыргыз бийлиги Барактан көчүрүлүп келгендерге 98 үй куруп берерин билдирген. Бул үчүн 270 миллион сом каражат бөлүнгөн.
Автор: Т-Медиа > 384 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat