БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Ошто жаңы таштанды талаасынын курулушу башталды

Ошто жаңы таштанды талаасынын курулушу башталды

Сүрөт: Ош мэриясы

Ош шаарында жаңы таштанды полигонунун курулушу 5-ноябрда башталды. Мэриянын маалыматы боюнча, эскисинин үстү жабылып, жаңысы анын жанына курулат.

Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов курулуш иштери менен жеринен таанышкан. Ал санитардык полигон эл аралык талаптарга жооп берерин айтты. Вице-мэр Сонунбек Жунусбаевдин билдиришинче, таштанды талаасы үчүн 24 гектар жер бөлүнгөн. Курулуш иштери Европа өнүктүрүү банкы жана Европа Биримдигинин колдоосу менен "Ошто таштанды чогултуу жана иргөө системасын жакшыртуу" долбоорунан алкагында жүрүүдө.

"2016-жылдан бери ишке ашпай, бүтпөй келгкен долбоорубуз бар болчу. Бул - жаңы полигонду куруу жана эскисин калыбына келтирип, үстүн экологиялык талаптарга жооп бере турган кылып жабуу болгон. Жумуш башталды. Тендерден уткан компания "бир жылда куруп бүтөбүз" деп атат. Бир жыл аралыгында бүткөрүлүп, жашыл аймак пайда болот. Бир кездери сасып, жыттанып турган жер шаардыктар үчүн эс ала турган аймакка айланат", -деди вице-мэр Сонунбек Жунусбаев.

Ош шаарына 2016-жылы жаңы полигон үчүн Епропа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы грант түрүндө 10 млн. евро бөлгөн. Анын 6,5 миллиону полигон курууга деп каралган. Бирок ал жылдары таштанды талаасы үчүн жер табылбай, долбоор башталган эмес.

Элүүнчү жылдары курулган Оштун азыркы таштанды жайы дээрлик 54 гектар жерди ээлейт. Ал тилкеге күнүнө 1500 куб таштанды төгүлөт. Полигондон болжолдуу бир чакырым аралыкта Жапалактын ДЭУ калктуу конушу бар. Буга чейин тургундар жагымсыз жыт менен түтүнгө нааразы болуп келишкен.

Автор: Т-Медиа > 390 макала