БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто жаңы өтмөктүн курулушунда коопсуздук эрежелери сакталуудабы?

Ошто жаңы өтмөктүн  курулушунда коопсуздук эрежелери сакталуудабы?

Сүрөт: "Т-Медиа" /19.09.2024

Ош шаарында Монуев-Шакиров-Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдүү жол үстүнөн өтүүчү өтмөк курулуп жатат. Биз бул төрт көчө бириккен жердеги жумуш учурунда кандай эрежелер сакталышы керектигин Транспорт жана жол курулуш тармагы боюнча серепчи Талант Садакбаевден тактадык.

Садакбаевдин айтымында норма боюнча жолду куруу же оңдоо иштери жүрүп жатканда, адам баскан тилке жабык болушу керек. Атайын “курулуш жүрүп жатат” деген жол белгилери коюулушу, жок эле дегенде коопсуздукту караган бир адам муну көзөмөлдөөсү шарт.

"Керек болсо забор куруп коюп, таш же башка оор нерселер адамдарга түшүп кетпөөсү үчүн тротурардын үстүн жабып коюш керек. Мунун өзүнчө коопсуздук эрежелери бар. Регилировщиктер сыяктуу киши болуп жөө жүргүнчүлөрдү, техникаларды карап турушу керек. Кээде оор техника айдаган айдоочу көрбөй калышы мүмкүн"- деди адис.

Оштогу курулушту техникалык көзөмөлдөгөн мекеменин бул жайда коопсуздук сакталбаганынан кабары бар. Ишкананын адиси өтмөктүн курулушу башталганда Монуев көчөсүнөн облустук бейтапканага чейинки жолду жабуу пландалганын билдирген. Бирок анын ордуна каттоо үчүн Т-образдуу жолдун кесилишинен, шаардагы Турсунбаева көчөсүнө алып чыгуучу жол убагында ачылбай калып, бул талап аткарылган эмес. 

"Биздин график түзүлгөндө жолду жаап берүү эске алынган болчу. Бирок альтернативдүү жол болбогондуктан жабылбады. Т-образдуу жол ачылыш керек эле. Ал да учурда ишке бериле элек"- деген Ош шаарынын мэриясынын курулуш башкармалыгынын техникалык көзөмөл адиси Эркинбек Эргешов.

Ал эми, жөө адамдардын коопсуздугу эмнеге каралбаганына мекемеден маалымат алуу мүмкүн болгон жок. Себеби курулуш жүрүп жаткан жерден облустук ооруканага да өтүү керек болот.

Ош шаарында Монуев-Шакиров-Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдүү жол үстүнөн өтүүчү өтмөк курулуп жатат. Анын курулушу кышка чейин бүтүшү айтылган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей