БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто өтмөк көпүрөнүн тепкичтеринин үстүн жабуу иштери башталды

Ошто өтмөк көпүрөнүн тепкичтеринин үстүн жабуу иштери башталды

Сүрөт: Т-Медиа/ Айдана Осмонова

Ош шаарындагы Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишинде курулган жөө адамдар өтүүчү өтмөк көпүрөнүн тепкичтеринин үстү жабылууда. Курулуш иштери 16-декабрда аяктаарын "Т-Медиага" Капиталык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Шумкарбек Пайзиев билдирди.

"Жумушту мурда өтмөктү курган компания өздөрүнүн эсебинен жасап жатат . Акчаксын бере элекпиз. Кийинки жылы төлөп беребиз. Курулуш иштери үч күндөн кийин бүтөт деп пландап жатабыз", - дейт ал.

Бул өтмөк шаардагы негизги Масалиев көчөсүндөгү жол тыгынын алдын алуу максатында быйыл майда курула баштаган. Августтун аягында ачылышы болуп, элдин өтүшүнө уруксат берилген. Өтмөктүн төрт тарабына лифт орнотулган. Курулушка шаардык казынадан 45 миллион сомдон ашык каражат сарпталган. Аны тендерден уткан "Сапат курулуш" жоопкерчилиги чектелген коому курган.

Мэрия өтмөк азырынча мекеменин балансына өткөрүлө электигин билдирди. Мындай учурда курулушту колдонууга уруксат берилбейт. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей