БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ошто жер титирөө катталды
Ош облусунун Араван, Ноокат райондорунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматы билдирди.
Силкинүү 21-декабрь күнү таңкы 9:11де болгон. Министрлик жер силкинүүнүн очогу Өзбекстандын аймагында болгонун маалымдайт.
"Өзбекстанда MSK-64 шкаласы боюнча силкинүүнүн күчү очогунда 3,5 баллга жетти. Ал эми Кызыл-Кыя шаарынан 40 чакырым түндүк чыгышта, Ош шаарынан 42 чакырым батышка чейин 2,5 баллга чейин сезилген."
ӨКМ жер титирөөдөн жабыркагандар жоктугун кошумчалап, кырсык учурунда коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.
Автор: Осмонова Айдана > 791 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat