БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто "Жибек-жолу марафону-2024" жыйынтыкталды

Ошто "Жибек-жолу марафону-2024" жыйынтыкталды

Сүрөт: ОшМУ

Ош шаарында "Жибек-жолу марафону-2024" массалык чуркоо жарышы жыйынтыкталды. Иш-чара 4-майда Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракесине карата уюштурлган. 

Массалык чуркоого Кыргызстандын бардык аймактарынан, Казакстан, Өзбекстандан спортчулар, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер, мектеп окуучулары катышты. Ректор Кудайберди Кожобеков мастшабдуу марафон окуу жайдын тарыхында алгачкы ирет өтүп жатканын белгиледи. 

"Иш-чара Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети, колдоо көрсөткөн демөөрчүлөр менен биргеликте уюштурулду. Марафонго Кыргызстан боюнча жалпы билим берүүчү мекемелер менен биргеликте шаар тургундарын, кесипкөй спортчуларды чакырганбыз".

Жалпысынан марфонга миңден ашуун адам катышкан. Жыйынтыгында ар бир категория боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, медаль, диплом, акчалай сыйлык, баалуу белектер менен сыйланышкан.

ОшМУ Кыргызстандагы 85 жылдык тарыхы бар алдыңкы окуу жайлардын бири. Университет жылына он миңден ашуун студентти кабыл алат. 

Өлкөдө билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында 2022-жылы беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам берилген. Анын катарында ОшМУ да бар.  

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей