БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ошто жол акыны онлайн төлөгөндөргө акция жүрүп жатат
Ош мэриясы троллейбус жана автобустарга MegaPay, Balance.kg тиркемелерин орнотту. Жүргүнчүлөр 20-апрелге чейин алардын QR коду аркылуу жол акыны 5 сомго арзан төлөсө болот. Бул тууралуу Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын жетекчиси Саибжан Турдуев "Т-Медиага" билдирди.
"Бизде жол акы 10 сом эмес беле. Эми акция жүрүп жаткандыктан, беш сом болуп жатат. Шаардагы бардык троллейбустарга тиркемелер коюлду. Акция 11-марттан 20-апрелге чейин уланат. Андан кийин QR код менен 10 сомдон төлөнөт",-дейт ал.
Калаада автобус жана троллейбустарда жол акы 10 сомдон, карта менен төлөм жүргүзгөндөргө 8 сом. Шаарда №1 жана №2 каттамдарында 26 троллейбус иштейт.
Автор: Байэл Бурханов

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat