БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто жолтандабас унаалар арасында мелдеш өттү

Ошто жолтандабас унаалар арасында мелдеш өттү

Сүрөт: Т-Медиа

6-январда Ош шаарында джип-спринт боюнча мелдеш болуп өттү. Аны "Барс" оффроуд клубу уюштурган.

Жолтандабас унаалардын мелдешине өлкөнүн бардык аймагынан жана коңшу Өзбекстандан катышуучулар келген. Жалпысынан 50гө жакын жолтандабас, он квадратцикл катышкан. Мелдеш стандарт жана профессионал категорияларында өтүп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.

"Барс" клубу мындай мелдештерди өткөрүү менен автотуризмди жайылтуу жана автомобиль спортун жайылтууну көздөйт. Аталган клуб мелдешти ар жыл сайын өткөрүүнү көздөп жатат.

 

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей