БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто жоокер кокусунан ок чыгарып көз жумганы айтылды

Ошто жоокер кокусунан ок чыгарып көз жумганы айтылды

Каза болгон жоокердин сүрөтү/ Т-Медиа

УКМКга караштуу Чек ара кызматынын Оштогу бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер этиятсыздыктан атылган октон көз жумганы кабарланды. Окуя 6-декабрда болгон.  

 

Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, 18 жаштагы  ыкчам кызматтын аскери Э.Р. АК-74 автоматынан кокусунан ок чыгарган. Медициналык жардам көрсөтүлгөнү менен ал алган жараатынан каза болгон. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Жоокерлердин кызмат учурда жараат алган же кырсыкка кабылган учурлар буга чейин дагы катталган. 20-ноябрда Ички иштер министрлигинин ички аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөгөн 21 жаштагы жоокер 20 жаштагы аскерди атып салганы кабарланган.

Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрда Баткенде келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан 27-жаштагы  чек арачы спорттук иш-чарада баш сөөгүнөн оор жаракат алып каза болгон. Ал эми 21-февралда Баткен облусунун аймагындагы чек ара бекетинде 26 жаштагы чек арачы өзүнүн 21 жаштагы кызматташын атып алган.

Буга чейин "Т-Медианын" дата-бөлүмү акыркы беш жылда Кыргызстандын армиясында 46 жоокер көз жумганын анализдеген. Анын негизи себеби суицид, ооруу жана  жол кырсыгы болгон.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей