БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто жылуулук берүү бүгүн токтотулат

Ошто жылуулук берүү бүгүн токтотулат

Сүрөт: "Т-Медиа"

Ошто 24-мартка караган түнү жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматты кабарлады.

Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кол койду.

Маалыматка караганда, жылуулук менен камсыз кылуучу мекемелерге кийинки жылуулук берүү мезгилине карата даярдык көрүү тапшырмасы берилди.

Жылуулук берүү аба ырайына карап жөнгө салынат. Эрежеге ылайык, сыртта тепература беш сутка боюу 8 градустан төмөн түшпөсө, жылуулук берүү токтотулат. Былтыр Ош шаарына жылуулук берүү 12-мартка караган түнү токтотулган.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей