БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ош: «Жылуулук камсыздоо» ишканасына жаңы жетекчи дайындалды
Нусуп Жолдошбаев Ош шаардык муниципалдык "Жылуулук камсыздоо" ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Буйрукка калаа башчы Бакытбек Жетигенов кол койгону 16-майда расмий айтылды. Жолдошбаев "Т-Медиага" маалыматты өзү да тастыктап, кызматка 11-майдан киришкенин айтты.
Жаңы жетекчи буга чейин "Жылуулук камсыздоо" ишканасынын башкы инженери кызматын ээлеп турган. 2021-жылы ушул эле мекеменин мамлекеттик сатып алуулар жана инвестия боюнча директорунун орун басары, кийин директордун орун басары болгон.
Нусуп Жолдошбаев 31 жашта, Ош шаарында туулган.
Буга чейин аталган башкармалыкты Бекмурза Эргешов жетектеп келген. Ал үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде өткөн шайлоонун жыйынтыгы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланды.
Автор: Осмонова Айдана > 791 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat