БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Оштогу "Ак Таш" тетик базары Жапалакка көчүрүлөт

Оштогу "Ак Таш" тетик базары Жапалакка көчүрүлөт

Сүрөт: "Т-Медиа"/ Ак-Таш унаа тетиктер базары/ 23.09.2024

Ош шаарынын "Кирпичный" аймагындагы "Ак-Таш" унаа тетик базары Жапалактагы унаа базардын жанына көчүрүлөт. Бул тууралуу Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Пирматов "Т-Медиага" билдирди. Ал мындай чечим жол тыгынын жоюу максатында кабыл алынганын белгиледи. 

Учурда 66 гектар тилкенин багытын өзгөртүү иштери жүрүүдө. Ал эми соодагерлерге эки ай ичинде көчүү тууралуу маалымат берилген.

"Учурда Ош шаарынын аймагындагы базарларды шаардын четине чыгаруу боюнча иштер жүрүп жатат. Тиешелүү иш кагаздар шаардык кеңеш тарабынан бекитилген. Негизи ал тетик базарындагы соодагерлер көбүнчө жолдун боюнда эле жеке турак-жайларында соода кылып, унааларды оңдоо кызматын көрсөтүшөт. Бул мыйзамга туура келбейт".

Бирок соодагерлер буга нааразы. Алар "базар шаар четинде болсо, кардарлар барбайт" деп тынчсызданууда.

"Биз Кыргызстанда жашап жаткан соң мамлекеттин, мэриянын саясатына каршы болбойбуз. Бизде бир эле суранычыбыз бар. Жагдайдуу, соода боло турган жерге базар куруп берсе жакшы болмок. Азыр эми Кеңеш тарапка көчөсүңөр деп жатышат. Ал жакта унаа базар болгону үчүн дайыма тыгын",- дейт соодагерлердин бири Аданбек Токтогулов. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 321 статей