БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Оштогу борбордук стадиондун айланасындагы курулуштар бузулууда. Ишкерлер эмне дейт?

Оштогу борбордук стадиондун айланасындагы курулуштар бузулууда. Ишкерлер эмне дейт?

Сүрөт: Ош шаарынын мэриясы

Оштогу Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондун айланасындагы  курулуштар буздурула баштады. Учурда он объект тизмеге алынган. Анын ичинен бешөөнү курулуштун ээси өз эсебинен бузат.  

Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Канышай Имарованын айтымында, аталган объектилердин архитектуралык уруксат кагаздары жок. Имараттар башында акционердик коом болуп туруп, кийин жеке жактарга өтүп кеткен. 

"Алты объекттин капиталдык курулушу бар. Ал эми калган объектер бош жер участкалары, алар боюнча да экинчи этап менен сүйлөшүүлөр жүрөт. Стадиондун аянты 6,5 гектар деп аныкталган. Бирок бүгүнкү күндө 4,5 гектар жер биздин баланста. Бири-бирине сатуу келишимин негизинде жеке менчике өтүп кеткен”, -деди Канышай Имарова. 

Ал эми ишкерлер болсо жергиликтүү бийлик убагында өзү чыгарган чечимге кайра каршы аракет кылып жатканын айтышууда. "Vint" бильярд клубун иштеткен Нурбек Бекназаров мэрия анын бузулуп жаткан имаратынын ордуна башка жактан жер берүүнү убадалаганын айтат. Бирок ишкер "ал жай бизнес кылууга ыңгайлуу эмес" дейт.

"Мэрия бизге жерлерди көрсөттү. Бирок биздин шартыбызга туура келбейт, кургак жерлер экен. Бул жерлерди 1980-жылы Ак-Буура акционердик коому  коллективине менчиктештирип берген экен. Кредитке алган жайыбыз бар эле". 

Буга чейин "Т-Медиа" стадиондун бир тарабы менчиктештирилип кеткени боюнча материал жасаган. Анда стадионго кирүүчү жолдун тосулган тарабында иштебей калган эки имарат жөнүндө сөз болот. Ал «Алай-ЛНТ» ЖЧКсына таандык. Архитектуралык документтер боюнча бул жайды 1995-жылы ошол кездеги жергиликтүү бийлик суусундук чыгарган цех үчүн иштетилсин деп токтом чыгарган. Мындан сырткары стадиондун аймагында беш жаранга мыйзамсыз өтүп калган жерлер аныкталган. Бул тилкелер Жумадыл Исаков Оштун мэри болуп турганда, анын токтому менен жеке жактарга өтүп кеткен. 

Борбордук стадион 1960- жылы курулуп, 12 миң адамга ылайыкташкан. Футбол майданы 2023-жылы оңдоодон өткөн.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей