БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ош: тамактан курт чыкты делген кафе убактылуу жабылды
Тамактан курт чыкты делген «Аль-Мансур» кафеси 21-октябрдан убактылуу жабылат. Ал эми ээсине 33 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу «Т-Медиага» 18-октябрда Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, тамактануучу жай жолдомонун негизинде текшерилген. Кемчиликтер жоюлганча жабык болот. Мындан сырткыры Абу-Бакир кафеси да убактылуу жабылган. Анын ээсине азырынча 5 миң сом айып пул салынган.
Буга чейин жергиликтүү басылмалар «Аль-Мансурда» тамактан курт чыкканын жазышкан. Видеонун автору окуя 13-октябрда болгонун айткан.
Автор: Осмонова Айдана > 660 статей
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat