БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Оштогу А.Сүйүмбаев стадиону талапка ылайык жарыктандырылат

Оштогу А.Сүйүмбаев стадиону талапка ылайык жарыктандырылат

Сүрөт: Интернеттен алынды

Оштогу Акматбек Сүйүмбаев стадионуна жарык берүүчү прожектор жаңыдан коюлат. Бул тууралуу стадион директору Кабылбек Укулов билдирди. 

Маалыматка ылайык, жаңы прожекторлор Кыргыз футбол союзунун алдында тузүлгөн “футболдук фонддун” эсебинен орнотулат. Ал үчүн канча каражат коротулары белгисиз. Учурда жарык берүүчү аппараттар 2019-жылы “Ош түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” маданий иш-чарасынын алдында коюлган. Бирок футболдук мелдештерди өткөрүүгө ылайыкташкан эмес.

"Учурда прожекторлор боюнча долбоору иштелип жатат. 2019-жылы коюлган прожекторлор маданий иш-чаралар үчүн гана орнотулган. Аларды театралдык деп атап коюшат күчү 600-700 люмга гана жетет. Мында жакшы жарыктандырбаганы үчүн топ ойной албайсың. Жаңы прожекторлор 2000 люм берсе жетиштүү болот да ар бир кв.метрине чейин. Алардын бир даанасы 45 килограмм болот. Бир бурчка 45 даана коюлса, жалпы салмагы 2 тоннага чамалайт. Биз азыр прожекторду орнотуучу темир (стойкалар) көтөрө алабы, жокпу текшерүүгө берип жатабыз. А азыркы театралдык прожекторлорду кошумча машыгуу базасына коёбуз"-дейт Укулов.

2019-жылы театралдык прожекторлорду орнотууга канча сом сарпталганын Ош мэриясы тактап берген жок. Андан бери стадиондо майрамдык кечелер, концерттер гана өткөрүлүп келе жатат. Ал эми футболдук мелдештер кечкисин таптакыр өткөрүлбөйт. Стадион директору жарыктандыруучу прожекторлор алмашылып, оңдоо иштери аяктаса футбол боюнча улуттук курама команданын беттештери, эл аралык оюндар өтөрүн кошумчалайт. Жарыктарды алмаштыруу иштери 20-августка чейин жыйынтыкталары айтылды. 

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей