БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: "Автотехосмотр" ишканасындагы унаалардын кезегине айдоочулар нараазы болуп чыгышты

Ош: "Автотехосмотр" ишканасындагы унаалардын кезегине айдоочулар нараазы болуп чыгышты

Сүрөт: "Т-Медиа"

Ош шаарындагы "Автотехосмотр" жоопкерчилиги чектелген коому чет өлкөдөн келген автоунааларды лабараториядан өткөрөт. Жарандардын айтымында, түштүк аймагы боюнча мындан башка лабаратория жок. Мындан улам өткөрүү жайында узун кезек жаралат.

Айдоочулар кароодон өткөн унаалар аз экендигин, кызматкерлер жай иштеп жатышканын айтып нааразы болууда. Алардын арасында Жалал-Абаддан, Оштун райондорунан келип, кезек күткөндөр көп.

 "Эрте мененки саат тогузда келгенмин. Жылыш жок, 3-4 машина зорго өттү. Менин алдымда саат жетиде келгендер азыр кетти. Мисалы, азыр мына жерге 100 машина келет. Алар кечке чейин өтөт же өтпөйт. Үч саатта зорго он унаа өттү. Абдан жай иштешет", -дейт Кара-Суу районунун тургуну Эдилбек Сатыбаев. 

Ал эми "Автотехосмотр" ЖЧКСы өздөрүнө алты гана сотых жер караштуу экенин билдирип, ошого шарт түзүлгөнүн айтууда. Мекеменин жетекчиси Тимур Жээнбаев унааларды кароодон өткөрүүгө 15 мүнөт гана коротуларын белгилейт. 

"Протоколдун процедурасы 10-12 мүнөттүк убакытты алышы мүмкүн, себеби ал компьютерден басылып чыгарылат".

Унааларды лабараториядан өткөрүүнун баасы 2000-3300 сомго чейин. Бирок Оштун Ноокат районунан келген Машхурбек аттуу жаран 5300 сом төлөгөнүн айтты. Бирок мекеме жетекчилиги муну четке кагууда. Анын айтымында, лабараторияда жүздөн ашык талаптар каралып,  унаалардын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк берилет.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей