БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Оштогу Барсбектин айкели жылдырылат

Оштогу Барсбектин айкели жылдырылат

Сүрөт: Турмуш

Ош шаарынын Бекмамат Осмонов көчөсүндөгү "Барсбек кагандын" айкели башка жерге жылдырылат. Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Шумкарбек Пайзиев билдирди. 

Пайзиевдин айтымында, аталган көчөгө 2025-жылы жол үстүнөн өтүүчү өтмөк курулганы жатат. Мындан улам, айкелди алуу зарылчылыгы пайда болгон. Бирок, анын кайда көчүрүлүшү чечиле элек. 

"Барсбек кагандын" эстелиги 2011-жылы жергиликтүү бюджеттен 11 млн сом бөлүнүп курулган. 

2017-жылы да тыгынды азайтуу үчүн айкелди жылдыруу маселеси козголгон. Анда шаар тургундары сунушка каршы болушкан.

Автор: Осмонова Айдана > 795 макала