БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Оштогу борбордук стадионду оңдоо иштери кандай жүрүп жатат? Сүрөт баян

Оштогу борбордук стадионду оңдоо иштери кандай жүрүп жатат? Сүрөт баян

Сүрөт "Т-Медиа"/ Улукбек Сали уулу

Ош шаарында Акматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадион 5-августта реканструкциялана баштаган. Оюн талаасы эл аралык талаптарга ылайык келтирилгени жатат. “Т-Медиа” стадиондун курулушу кандай жүрүп жатканын сүрөткө тартып келди. 

Оңдоп-түзөөдө оюн талаасы жарыктандырылып, автоматташтырылган суугаруу системасы, чуркоо тилкелерине резина орнотулат. 

Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Темирлан Бакаловдун "Т-Медиага" билдиришинче долбоордо стадиондун төрт тарабындагы жалпы 11 миң отургучтүн үстүн жабуу иштери каралган. 

Стадиондун курулушун "Гигант-Строй компани" ишканасы жүргүзүүдө. Каражат шаардык мэриядан жана республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Оңдөп-түзөө иштерин 5-октябрда бүтүрүү пландалууда. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 324 статей