БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Оштогу "Коопсуз шаардын" мониторинг борбору кандай иштейт? Сүрөт

Оштогу "Коопсуз шаардын" мониторинг борбору кандай иштейт? Сүрөт

"Т-Медиа"

"Коопсуз шаар" Ош шаарында эки жума мурун толук кандуу иштеп баштаган. Бирок ошол маалда мониторинг борбору көрсөтүлбөй, жарандарда суроо жаралып жаткан. "Т-медиа" ал жерден кайра кабар алды.

Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын маалыматына караганда, мониторинг борбордо 12 кызматкер иштейт. 

Камералар каттаган бузууларды долбоорду ишке ашырган "Мегафон" компаниясы Башкы прокуратурага караштуу УКУК ишканасына жөнөтөт. Ал жердеги ЕРПН бирдиктүү маалыматтык система аркылуу мониторинг борборго келет.

Долбоордун алкагында калаадагы он негизги көчөгө 44 стационардык, 11 үч буттуу камералар коюлган. Учурда алар ылдамдыкты ашыруу, коопсуздук кур, каршы тилкеге чыгуу жана жөө жүргүнчүлөргө жол бербеген автоунааларды тартып жатат.

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей