БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: төрт адамды сел агызып, бир адам каза болду

Ош:  төрт адамды сел агызып, бир адам каза болду

Видеодон алынган сүрөт.

Ош шаардык мэриясы селге байланыштуу акыркы маалыматты таратты. Ага ылайык, Озгур айылында жарандарды селден куткаруу маалында бир адамды камаз тебелеп кетип каза болгон. 

Ал эми Төлөйкөн айылындагы "Мөл булак" эс алуу жайында сел агызып кеткен төрт адам табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар бир үй бүлө мүчөлөрү экенин маалымдады. Учурда издөө иштери жүрүп жатат.

Сел суулары жалпы 134 үйгө кирген, 17 үйдүн дубалы бузулган. Болжол менен 15 машина жабыркаган. Сел агызып кеткен жети автоунаанын төртөө табылды. 

 "Калаа башчысы Бакытбек  Жетигенов саат 18:00дө Жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары менен ыкчам жыйын өткөрүп, селдин кесепеттерин жөнгө салуу боюнча протоколдук тапшырмалар берилди",- деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Ош шаарында сел кырсыгынан улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

14-июлда түштөн кийин катуу жааган жамгырдан улам Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун бир катар айылдарында жана Ош шаарында сел жүрдү. Чогулган суулардан улам Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, борбордук базарды жана сейил бактарды каптап кетти.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей