БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Оштогу жаңы базардын курулушу кайсы этапка жетти? Видео

Оштогу жаңы базардын курулушу кайсы этапка жетти? Видео

Сүрөт: Исхак Туратбеков

Ош шаарынын Бекмамат Осмонов көчөсүнө салынып жаткан жаңы базарды эки айда бүтүрүү пландалган. Бирок анын курулушу эми гана жарымдаганын "Т-Медиа" жеринен көрүп келди. Учурда качан пайдаланууга берилиши белгисиз. 

Борбордук базардагы сатуучулар мэрия аларды "сентябрда көчөсүңөр"дегенин, бирок андан кийин ноябрга жылганын айтышууда. 

"Сентябрдын аягы" деди эле. Базар бүтпөй жатат го. Эми октябрдын аягы бүтүп калса чыгып кетебиз",-деди сатуучулардын бири.

Жаңы базардын аянты жети гектарды түзөт. Эки жарым миң орунга ылайыкташып, ага 600 млн сом каражат жумшалууда. Ош мэриясынын маалымат кызматынын башчысы Жумамидин Сулайманкулов азыркы тапта базардын коммуналдык иштери, ага баруучу жолдор кеңейтилип жатканын билдирди. Мындан сырткары ал базардагы орундар баарына акысыз берилерин кошумчалады. 

"Баарына акысыз берилет. Борбордук азыр иштеп жаткан, жабыркаган, ижарада тургандардын баарын Базар дирекциясы тактап жатат. Андан сырткары жеке жактарга тиешелүү базарлардын да тизмеси такталып жатат. Алардын баарына жаңы курулуп жаткан жаңы базардан  акысыз орун берилет. Ал жерде сатылбайт. Баары муниципалдык болот. 60 пайызга жакын курулуш иштери бүтүп калды.  

 

Эске салсак, 14-июлдагы катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, жанындагы базарды каптаган. Селден беш адам каза тапкан. Мындан кийин ал жердеги базар башка жакка көчүрүлмөй болгон. Алгач мэрия  борбордук базар Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүлөрүн кабарлаган. Ал үчүн унаа базардын жанындагы 16,7 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Бирок кийин соодагерлердин нааразычылыгынан кийин базардын орду өзгөртүлгөн.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей