БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Оштон Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан эки талапкер шайлоодон четтетилди

Оштон Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан эки талапкер шайлоодон четтетилди

Сүрөттөр Эргешов менен Маматкуловдун соцбаракчасынан алынды

Борбордук шайлоо комиссиясы №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Максатбек Маматкулов менен Бекмурза Эргешовду шайлоодон четтети. Мындай чечимди Боршайком 26-марттагы жыйында кабыл алды. 

БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобунун Маматкулов боюнча корутундусунда ал өзүнүн 16 үгүтчүсүнө 5000 сомдон маянаны накталай төлөп бергени айтылат. Ошондой эле талапкер шайлоо өнөктүгүн каржылоо тууралуу отчетун маалында тапшырган эмес. Мындан улам бул шайлоо мыйзамдарына каршы келери, ар бир талапкер каржылоону атайын ачылган расмий эсебинен жүргүзүшү керектиги белгиленди. Ал эми акча расмий эсептен тыш колдонулганы шаардык ички иштер башкармалыгынын токтому менен тастыкталганы да айтылды.

Маматкуловдун талапкер катары катталуусун жокко чыгаруу тууралуу чечимди Боршайкомдун отурумуна катышкан 11 мүчөнүн баары бир добуштан колдошту.

Ал эми Бекмурза Эргешов боюнча социалдык түйүндөргө чыккан видео иликтенген. Мындан тышкары Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчисинин маалыматы угулуп, кызматкерлеринен түшүнүк кат алынган. Шаардык прокуратура бул боюнча кылмыш-процессуалдык жактан өз корутундусун берери айтылды. Мындан улам БШК конституциялык-укуктук жактан чечимин кабыл алууга укуктуу экени белгиленди.

Бекмурза Эргешовдун талапкерлик каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечимге Боршайкомдун 8 мүчөсү "макул" деп добуш берип, чечим кабыл алынды.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоодон четтеген эки талапкер чечимге каршы сотко арызданса болорун кошумчалады. 

24-апрель күнү эркин журналист Ыдырыс Исаков Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке өтчү шайлоонун жүрүшүндө бир катар мамлекеттик кызматкерлер үгүт иштерине аралашканы тууралуу иликтөө жарыялаган. Материалда талапкер Бекмурза Эргешовдун шайлоо штабынынын алдында мэриянын жана башка мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринин орун басаралары, катардагы кызматкерлери жүргөнү айтылган. 

Буга байланыштуу 25-апрелде калаа жетекчилиги айрым кызматкерлер иштен алынганын, кээ бирлерине кызматтан бошотуу сунушу жана эскертүү берилгенин кабарлаган.

28-апрелде №7 Ош, №9 Кара-Суу жана №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Ош округунан 14 талапкер ат салышып, бирөө өз каалоосу менен талапкерлигин алган.  

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Т-Медиа > 352 статей