БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Оштун көчөлөрүнө быйыл 1,5 млн гүл отургузулат

Оштун көчөлөрүнө быйыл 1,5 млн гүл отургузулат

Сүрөт: "Т-Медиа"

Ошто шаар көчөлөрүн гүл отургузуп кооздоого камылга көрүлө баштады. Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынан кабарлагандай, январь айында атайын күнөсканаларда түрдүү бир жылдык гүлдөрдүн үрөнү себилген. Азыр алардын баары көчөт болуп, отургузууга даяр болуп калды.

Быйыл жашылдандыруу чарбасы 28 гүлдүн түрүн даярдады. Жалпысынан шаарга 1 миллион 500 миң көчөт отургузууну пландоодо. Бул үч этап менен ишке ашат. 

Апрель айынын башында алгач борбордук аянт, эс алуучу жайлар жана жол боюндагы жашыл зоналардын баары кооздолот. Биринчи этапта 750 миң түп көчөт отургузулат. 

Андан кийинки этаптарда 500-600гө чейин эгилет. Былтыр да шаарга 1,5 миллион гүл өстүрүлгөн.

Автор: Бекназар Амирбеков

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей