БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Оштун мэринин мурдагы жардамчысы 30-июлга чейин абакта калтырылды

Оштун мэринин мурдагы жардамчысы 30-июлга чейин абакта калтырылды

УКМК тараткан сүрөт

20-июнда Ош облустук соту Оштун мэринин мурдагы жардамчысынын бөгөт чарасын карап, шаардык соттун аны 30-июлга чейин камакта калтырган чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу "Т-Медиага" аталган соттун басма сөз кызматы 24-июнда билдирди. 

"Ош шаардык сотунун 1-июндагы токтому негизинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн камакка калтыруу өтүнүчү канааттандырылган. Ага ылайык, шектүүнүн бөгөт коюу чарасынын камак түрү 30-июлга чейин тандалган. 20-июнда Ош облустук соту Ош шаардык сотунун токтомун күчүндө калтырды", -деп айтылат маалыматта.

УКМК Ош шаарынын мэринин мурдагы жардамчысы А.К.С.  ишкерлерден акча талап кылып, алып жүргөн деген шек менен кармалганын 13-июнда маалымдаган. Ал мэрдин жардамчысы болуп турганда коркутуу жана кысым көрсөтүү жолу менен ар кандай текшерүүлөрдү уюштуруп, Ош шаарынын борбордук базарынын директорунан ай сайын 400 миң сомдон алганы аныкталган.

Мындан сырткары 2023-жылы И.Н.И. аттуу жарандын 6,4 млн сомун "Эгемендүүлүк күнүнө" жана "Ош шаарынын күнүнө" карата майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн демөөрчүлөр тарабынан жардам чогултуу шылтоосу менен алдап, ээлеп алганы айтылат. Анын мындай аракеттеринен мамлекетке 10 млн сом зыян келген.  

Мэрдин мурдагы жардамчысына 30-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүмү ("Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынган.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей