БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Сот Оштун мурдагы вице-мэри Жасур Азимовго 1 млн сом айып пул салды

Сот Оштун мурдагы вице-мэри Жасур Азимовго 1 млн сом  айып пул салды

Жасур Азимов

Ош облустук соту Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Жасур Азимовду Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөлүү деп таап, 1 млн сом айып пул салды. Мындай чечим 4-декабрда чыкканын "Т-Медиага" мекеменин басма сөз кызматы 12-декабрда билдирди. 

Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин Азимовдун үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасы алынып салынат. Ал эми Ош шаардык сотунун 24-октябрдагы токтомунун негизинде экс-вице-мэрдин жер тилкесине жана автоунаасына камак салынган.

Жасур Азимов быйыл июнь айындагы адам өмүрүн алган селден кийин кармалган. Ал беш айга чукул абакта жатып, кийин үй камагына чыккан. 

Азимов вице-мэрлик кызматка 2018-жылы дайындалган. Ал мэриянын курулуш жана муниципалдык менчик тармагын көзөмөлдөчү. Буга чейин "Т-Медиа" "Вице-мэр Азимов — миллиондук тендерлердин жеңүүчүсү" деген аталыштагы иликтөө чыгарган. Анда Азимов беш жылда 36,2 миллион сомдук тендерди утканы аныкталган. Ал учурда Азимов окутуучу, депутат жана вице-мэр болуп иштеген. 

Мындан тышкары редакция Кара-Сууда үч жыл мурда 44 млн сомго курулуп, жарака кеткен мектептин артында да ага таандык компания турарын аныктаган. 

Автор: Осмонова Айдана > 797 макала