БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош мэриясынын кызматкерлери Пайзиев менен Олжобаев иштен убактылуу четтетилди

Ош мэриясынын кызматкерлери Пайзиев менен Олжобаев иштен убактылуу четтетилди

Сүрөт: Т-Медиа

Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Шумкарбек Пайзиев менен Жолдор башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Олжобаев кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу "Т-Медиага" Ош мэриясынын басма сөз кызматы 13-июнда билдирди. Алар жумуштан тергөө иштери бүткөнгө чейин алынган.

Шумкарбек Пайзиев менен Улан Олжобаев "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айыпталып, 6-июнда Ош шаардык сотунун чечими менен 31-июлга чейин үй камагына чыгышкан. Аларды УКМК 4-июнда кармаганын "Т-Медиага"өздүк булактар билдирген.

Атайын кызмат расмий маалымат тарата элек.

Шумкарбек Пайзиев Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп 2022-жылы декабрь айында дайындалган. Ал буга чейин Алай райондук мамлекеттик администрациясында, Ош мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүндө эмгектенген. 2018-жылдан бери Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеп келген.

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей