БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Пакистандын ТИМ башчысы ооруканадагы студенттерден кабар алды
Пакистандын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар Бишкектеги Улуттук госпиталда дарыланып жаткан мекендештеринен кабар алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматты кабарлады.
Маалыматка караганда, кыска мөөнөттүү иш сапары менен келген Мухаммад Исхак Дар менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жолугушкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө акыркы окуялар салттуу достук кыргыз-пакистан мамилелерине доо кетире албастыгына канааттангандыгын билдиришти.
"Бул кризис эки бир тууган мамлекеттин жакындыгын жана өз ара ишенимин сынады. Биз эки өлкөбүздүн дагы да жакындашуусуна эффективдүү чараларды көрүү үчүн бардыгын жасашыбыз керек",- деди Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов Кыргызстанда билим алып жаткан чет элдик студенттерге жылуу-жумшак мамиле болоорун, жакында болгон окуяда күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартыларын белгилеген. Маектешкендер пикир алмашып, маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө кызматташтыкты бекемдөө боюнча бир катар биргелешкен кадамдарды белгилешти. Тараптар ошондой эле эмгек миграциясы маселелерин мамлекеттер аралык жөнгө салуу зарылчылыгы боюнча өз ара түшүнүштү.
Эске салсак, 17-майда социалдык түйүндөрдө "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып башаламандык катталган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.
Саламаттыкты сактоо министрлиги тополоңдо дарыгерлерге жалпы 41 адам кайрылганын маалымдады. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.
Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Бул окуядан кийин 19-майда Кыргызстандан 180 пакистандык жарандар чыгып кеткен. 21-майда дагы 150 студент Пакистан өкмөтү уюштурган атайын каттам мекенине жеткиргенин "Машаал" радиосу кабарлады. Мындан сырткары Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетинде билим алган чет элдик студенттердин ичинен 1200дөй пакистандык мекенине кеткени маалым болду.
Чет элдиктерди ур-токмокко алган деген шек менен 21-майда бир жаранды кармалган. Буга чейин төрт чет элдик, үч жергиликтүү тургун кармалган.
Автор: Осмонова Айдана > 810 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat