БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Пара алууга шектелген судья 2 айга камакка алынды

Пара алууга шектелген судья 2 айга камакка алынды

УКМК

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылууга шектелип кармалды. Билдирүүнү  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети таркатты.

 

Маалыматка караганда, 20-март күнү Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы К.А.К. жана ортомчу болуп иштеген адвокат Г.М.В. 12 миң доллар параны опузалап талап кылгандыгы аныкталган.

Атайын иш-чаралардын жүрүшүндө кармалган судья жактоочу менен видеокөзөмөл жок жерде - өзүнүн дааратканасында бир нече ирет жолугушканы, ал жерде сот чечимин алардын пайдасына оң чыгаргандыгы үчүн айрым айыпталуучулардан алган акчалай сый акыларын өз ара бөлүштүрүп жүргөнү такталган.

Шектүү судья  21-мартта Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Биринчи май райондук сотунун токтому менен 20-майга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей