БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Пара алууга шектелген судьяларга кандай өкүм чыкты?
Бишкекте эки миң доллар пара алууга шектелип кармалган судья 26-апрелде бир миллион сом айыпка жыгылып, бошотулган. Чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы "Т-Медиага" билдирди.
Шектүү Ленин райондук сотунун судьясы Нурлан Кенжебаев эле. Ал былтыр октябрда кармалган. Беш айдан кийин опузалап пара талап кылуу беренеси боюнча акталып, пара алуу беренеси менен күнөөлүү деп табылган. Судья эки миллион сом айыпка жыгылган. Бирок "тергөө абагында узак убакыт отурган" деген негизде айып пул бир миллион сомго кыскартылган.
Нурлан Кенжебаевди УКМК былтыр 17-октябрда өзү караган иш боюнча "оң чечим чыгарып берем" деп эки миң доллар алган деген шек менен кеңешчиси жана досун кошо кармаган. Кийин президент Кенжебаевди кызматтан четтеткени маалым болгон.
Соттордун акталышы
Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Алма Кадыркулова дагы Биринчи май райондук сотунун чечими менен 19-июлда акталган. Ал 12 миң доллар пара алууга шектелип камалган эле. Судьяны опузалап пара талап кылуу беренеси боюнча актап, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга күнөөлүү деп табышкан. Аны 2 млн сом айып пул төлөөгө милдеттендирген. Бирок Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, айып пул бир миллион сомго кыскартылган.
Бул беренеде - эгерде соттук териштирүүгө чейин камакта кармалган адамга жаза катары айып салынса же кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу, коомдук иштер, түзөтүү жумуштарына тартыла турган болсо, абакта кармалган мөөнөтү эске алынып, жаза жеңилдетилет же аны өтөөдөн толугу менен бошотулат деп жазылган.
Алма Кадыркулова быйыл мартта кармалган эле. Андан кийин Чүй облустук сотунун эки судьясы 6 миң доллар пара алууга шектелип камалган. Башкы прокуратура былтыр судьяларга каршы 11 кылмыш иши козголгонун билдирген.
Автор: Максат Боромбаев
Автор: Анарбаева Наргиза > 175 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat