БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Паралимпиада: Бүгүн Гүлназ Жүзбаева жарышка чыгат

Паралимпиада: Бүгүн Гүлназ Жүзбаева жарышка чыгат

Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүн, 1-сентябрда Париждеги Паралимпиада оюндарында Гүлназ Жүзбаева жарышка чыгат. Ал жеңил атлетика боюнча катышып, 1500 метр аралыкка чуркайт.

Гүлназ Жүзбаева көзү азиз спортчу. Аны коштоп Юлия Фернас чуркайт. Жарыш Бишкек сааты боюнча, 14:10до башталат.

Мындан тышкары, 

  • 2-сентябрь, саат 14:10до Пара триатлон боюнча Айтунук Жоомарт кызы;
  • 6-сентябрь, саат 14:10до Пара дзюдодон Маматибраим Суранов;
  • 8-сентябрь, саат 14:35де Пара пауэрлифтинг боюнча Миргүл Болоталиева беттешке чыгат.

Паралимпиада майыптыгы бар жарандар арасында өткөрүлөт. Быйыл XVII жайкы Паралимпиада оюндары Парижде 28-августта башталган. Мелдештерге 182 өлкөдөн 4400 спортчу 22 спорттун түрүнөн катышууда. Кыргызстандан өлкө намысын коргоого 4 спортчу кеткен. Иш-чара 8-сентябрга чейин уланат.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей